Путин Иран менен стратегиялык өнөктөштүк тууралуу мыйзамга кол койду

Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Иран менен ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк келишимин ратификациялоо боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Келишимге 2025-жылдын 17-январында Ирандын президенти Масуд Пезешкяндын Москвага жасаган иш сапарынын алкагында кол коюлган.
Макулдашуунун негизги жоболору:
Москва менен Тегеран эки тарапты кызыктырган бардык чөйрөлөрдө соода-экономикалык кызматташтыкты колдоого макулдашты;
тараптар биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүүдө тыгыз кызматташат;
эгерде мамлекеттердин бири агрессияга дуушар болсо, экинчиси кол салуучу тарапка чабуулду улантууну жеңилдете турган жардамды бербеши керек;
Россия менен Иран өз аймактарын алардын аймактык бүтүндүгүнө коркунуч келтирген сепаратисттик кыймылдарды колдоо үчүн пайдаланууга уруксат бербейт;
Москва менен Тегеран эл аралык терроризмге жана башка чакырыктар менен коркунучтарга каршы күрөштө кызматташат;
өлкөлөр бир тараптуу мажбурлоо чараларын колдонууга каршы чыгууга ниеттенип, аларды киргизүүнү эл аралык укукка каршы акт деп эсептешет;
Москва менен Тегеран бири-бирине каршы санкциялар боюнча үчүнчү өлкөлөргө кошулуудан карманышат жана бир тараптуу мажбурлоо чараларын колдонбоого кепилдик беришет;
жалган маалыматка жана терс пропагандага каршы туруу боюнча эки өлкөнүн ЖМКларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү;
Москва менен Тегеран табигый жана техногендик кырсыктарды алдын алууда бири-бирине мүмкүн болгон жардамдарды көрсөтөт;
Россиядан Иранга кеткен газ кууру Азербайжан аркылуу өтөт, тараптар бааны макулдашууда;
үчүнчү өлкөлөрдөн көз карандысыз болгон төлөм инфраструктурасын түзүү жаатында кызматташуу;
Россия менен Иран тынчтык максаттагы өзөктүк энергетика тармагындагы биргелешкен долбоорлорго, анын ичинде атомдук энергетикалык объектилерди курууга кызыкдар;
келишим 20 жылга түзүлөт жана кийинки беш жылдык мөөнөткө автоматтык түрдө узартылат.
Бул документ 2001-жылы кол коюлган Россия менен Ирандын ортосундагы мамилелердин негиздери жана кызматташуу принциптери жөнүндөгү учурдагы келишимди алмаштырууга багытталган. Жаңы келишим боюнча, иш 2022-жылдан бери жүрүп жатат. Өткөн жылдын июнь айында тараптар анын текстин макулдашканы белгилүү болгон. Кремль мурда белгилегендей, бул документ эки тараптуу мамилелердин жаңы деңгээлге чыкканын чагылдырат.
ЕАЭБде Пакистан менен эркин соода келишимин түзүү талкууланууда