Патент кайтарылууда. Салык кызматы бизнести эмнелер күтүп жатканын түшүндүрдү

Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 18-апрелде "Ишкердик субъектилерди колдоо, ставкаларды оптималдаштыруу жана салыктык башкарууну жакшыртуу жөнүндө" жарлыкка кол койду.
Документке ылайык, өлкөдө соодагерлер үчүн патенттик салык системасы кайтарылат.
Бул кадам ишкерлерди колдоого, ставкаларды оптималдаштырууга жана салыктык башкарууну жакшыртууга багытталган.
Салык кызматынан билдиришкендей, патенттик система ишкерлерге жылдык кирешесине жараша салык төлөөгө мүмкүнчүлүк берет. Салык кызматы ишкерлерге аталган системаны түшүнүүгө жардам берүүчү сүрөт түрмөк даярдаган.
Эске салсак, Кыргызстанда соода үчүн патенттер 2024-жылдын 1-июлунда жоюлган. Ушул жылдын март айында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөдө чакан бизнес үчүн патенттик система кайтарылганын билдирген.
Патент кайтарылганына байланыштуу салыктан 600-700 млн. сом түшпөй калат