БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Киев бийлиги Пасхага карата да согушпай туруу тартибин кармабай, андан сырткары, чабуул коюп жатканда HIMARS ракеталарын колдонду. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.
"Киев Пасха учурунда да ал тартипти сактаган жок. Мындан сырткары, америкалык HIMАRS ракеталарын колдонушту. Бул кокустан болгон жок, ал — мыйзам ченемдүүлүк. Мораторий учурунда Зеленский макул болгон чабуулдар жарандык энергетикалык инфраструктураларга жасалды", — деп айткан дипломат.
Президент Владимир Путин Пасха майрамынын алдында бул күндүн урматына Россия согуштук аракеттерди токтото турарын жарыялаган. Анда Россия 19-апрель саат 18.00дөн тарта 21-апрель саат 00.00гө чейин бардык согуштук аракеттерди токтототору айтылган. РФ лидери анткен менен өлкөнүн Куралдуу күчтөрү каршы тараптын жасалышы мүмкүн болгон бардык чабуулунун мизин кайтарууга даяр турушу керектигин белгилеген.
Жекшемби күнү украин аскерлери ДЭРдеги Сухая Балка жана Богатырь аймактарында турган россиялык армиянын позицияларына чабуул коюуга аракет кылышкан. Мындан сырткары, каршылаштардын армиясы 48 дронду колдонгону, анын бирөө Крымда болгону айтылды. 444 жолу миномет жана башка куралдар менен аткылашкан.
Россиялык аскерлер 19-апрель саат 18:00дөн тарта Пасха алдында атышпай туруу эрежесин бузбай кармаганын айтышкан.