22-апрелге карата аба ырайы

22-апрелге караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. 22-апрель, шейшембиде, көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Айрым жерлерде нөшөрлөгөн жаан болушу ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +15...+20, Талас аймагында +13...+18, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +16...+21 градус жылуу болсо, Ысык-Көлдө +12...+17, Нарын өрөөнүндө +8...+13 градуска жетет.
Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, күндүн табы борбор калаада +18...+20, Ош шаарында +17...+19 градуска чейин көтөрүлөрү айтылды.
Бишкекте 100 гектарга түшчү бак питомнигинин 5 гектарына көчөттөр тигилди