Кичи лейтенант Степан Сущев
Ал 1914-жылы 24-декабрда Пишпек уездиндеги Георгиевка кыштагында дыйкандын бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Бул жер азыр Казакстандын Жамбыл облусуна караштуу Кордай айылы.
Төрт класстык билим алгандан кийин 1931-жылы үй-бүлөсү менен Фрунзеге жер которот. Эмгек жолун 1933-жылы Фрунзе кыш заводунда транспортчу болуп, материалдарды бир жерден экинчи жерге жеткирилишин карап иштеген. Атасы каза тапкандан кийин өзүнүн айылына кетип мал кайтарат. 1936-1937-жылдары Тажикстандын Коргон-Төбөсүндө пахтанын үрөнү боюнча атайын жайда эмгектенген.
1937-жылы тез арада аскерге чакырылат да, СССРдин НКВДсынын Новосибирскидеги ички аскерлеринин 112-полкуна жөнөтүлөт. 1939-жылы Казакстандын Талды-Курган облусуна жиберилип, ал жерде 1941-жылдын сентябрына чейин кызмат өтөйт.
Ал эми октябрда Улуу Ата Мекендик согушка өз ыктыяры менен кетип, 385-аткычтар дивизиясында чалгынчы болот. Ноябрдан тарта согушка кирет. Борбордук фронтто болот. 385-аткычтар полкунун 5-аткычтар ротасында взводдун командири, кийин партиялык топту карап, уюштуруу иштерин да кошо жетектейт. Майданда беш ирет жарадар болуп, госпиталдан дарыланып чыккандан кийин кайра согушка катышат.
Днепрди кечип баратканда каармандыгы менен өзгөчөлөнөт. 1943-жылы 26-сентябрда улук сержант Сущев менен десанттык топ гитлерчилер ок жаадырып турганына карабай Украинанын Вышгород районундагы Ясногородка кыштагынын жанынан дарыядан өтөт. Плацдармды колдон чыгарбай кармап туруу үчүн болгон кандуу кармаштын экинчи күнүндө Сущев катардан чыккан рота командиринин ишин улантып, душмандын чабуулунун мизин кайтарууну үзгүлтүккө учуратпай турат.
1943-жылы 17-октябрда СССР Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен командачылыктын берген тапшырмасын үлгүлүү аткаргандыгы, көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн Степан Сущевге Советтер Союзунун Баатыры наамы, Ленин ордени, Алтын Жылдыз медалы ыйгарылат.
Андан сырткары, I даражадагы Ата Мекендик согуш, III даражадагы Манас ордени жана бир топ медалдар менен сыйланган. Анын ичинде Каармандыгы үчүн мамлекеттик сыйлыгы да бар.
1944-жылы кичи лейтенант Степан Сущев демобилизизация болот. 1946-жылы Кыргызстанга келип, Москва районундагы Беловодское айылынан орун-очок алат. Оор жүктөрдү ташыган автобазада слесарь болуп, аккумуляторлорду карап иштейт. 1969-жылы ардактуу эс алууга чыгат.
Кыргызстандын ИИМинин ички аскерлеринин командачылыгынын буйругу менен Ички аскерлердин коллеждинин ардактуу жоокерлеринин катарына киргизилген. 2006-жылы аталган окуу жайдын аймагында баатырдын бюсту орнотулган. Степан Сущев 2008-жылы 24-июлда көз жумган.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.