БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. АКШ Украинадагы тынчтык келишиминин алкагында Крымды Россиянын аймагы деп таанууга даяр. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги маалымат булактарына шилтеме берип жазды.
"Кошмо Штаттар Москва менен Киевдин ортосундагы кеңейтилген тынчтык келишиминин бир бөлүгү катары Крымды Россиянын көзөмөлүндө деп таанууга даяр", — деп айтылат билдирүүдө.
Анткен менен агенттик Вашингтон бул маселе боюнча акыркы чечимди кабыл ала электигин белгилеген.
Эске салсак, 18-мартта АКШ менен Россиянын президенттери Владимир Путин менен Дональд Трамп телефондон сүйлөшүп, бир катар маселелерге, анын ичинде Украинадагы абалга токтолгон. Ал эми 24-мартта Россия менен Украинанын делегациялары Эр-Риядда кезиккен.