Капитан Василий Степаненко
Ал 1923-жылы 3-февралда Тимофеевка (Казакстан, Терең-Көл району, Павлодар облусу) кыштагында туулган. Ал эми мектепте Фрунзе облусунун Беловодское айылында (Кыргыз ССРи) окуган.
1941-жылы октябрда 10-классты аяктаган соң Кызыл Армияга чакырылат. Фрунзедеги жөө аскерлер училищесин аяктайт. Согуштагы биринчи кадамын 1942-жылы таштап, Борбордук жана 1-Украина фронтторунда кармашат. Эки жолу жарадар болуп, госпиталга түшөт да, айыккандан кийин кайрадан согушка аттанат.
1943-жылы "Выстрел" (кургактагы аскер күчтөрүнүн командалык жана саясий курамын тактика, ок атуу, тактикалык жана анын методикасы боюнча кайра даярдоо курсу) курсун бүтөт.
1945-жылдын январына карата гвардиянын капитаны Степаненко 1-Украина фронтунун 3-гвардиялык танкалык армиясындагы 7-корпустун 467-полкунун минометчиктер батареясынын командирлигине дайындалган.
Висла-Одер операциясында эрдиги менен айырмаланган. 1945-жылдын 23-январында Степаненконун батареясы Оппельн шаарынын алдындагы Одер дарыясы аркылуу батыш жээкке өтүп барып, ал жердеги плацдармды тартып алып, кармап туруу үчүн катуу согушат. Алгачкы эки контрчабуулдун мизин кайтарууда эле кыргызстандыктын каарман аскерлери душмандын ок чачкан 10 жерин, 10 автоунаасын, 80ге чукул аскери менен офицерлерин жок кылат. Кийинки кармаштарда советтик жоокерлер артиллериялык батарея менен германиялык 50дөй жоокерди, офицерлерди бутага алышкан.
1945-жылы 10-апрелде СССР Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен командачылыктын согуштук тапшырмаларын үлгүлүү аткаргандыгы, майданда каармандык менен эрдик көрсөткөндүгү үчүн Василий Степаненкого Советтер Союзунун Баатыры наамы жана Ленин ордени, Алтын Жылдыз медалы ыйгарылган. Кийин I даражадагы Ата Мекендик согуш жана Кызыл Жылдыз ордендери менен сыйланган.
1945-жылы 2-майда Степаненко Берлиндеги согушта табылбай калган. 1985-жылдан тарта Берлиндеги Трептов паркында (Treptower Park) көмүлгөн белгисиз жоокер катары эсептелет.
Беловодское айылында баатырдын элесин эскерип туруу үчүн Василий Степаненко атындагы мектеп жана көчө пайда болгон.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.