БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Ишкер Аскар Салымбеков эл өкүлдөрү менен күч органдарына түнкү клубдардын иштөө убактысын кыскартуу сунушу менен кайрылды.
Ал Ботаникалык бактын жанында жашагандыктан таңкы саат 5-6да үйдүн жанындагы клубдан кыз-жигиттер мас абалында чыгарын айтты. Салымбеков мындай көрүнүш күндө кайталанарын, алар уруш-талаш менен коштолорун белгиледи.
"Клубдар түн жарымга, мейли, саат бирге чейин иштесин, бирок андан кийин жабылышы керек да. Түнкүсүн адам эс алып, эртең менен ишке кетиши керек", — деди бизнесмен.
Эске салсак, өлкөдө түнкү эс алуу, тыныгуунун мезгилин аныктаган мыйзам бар. Ага ылайык, иш күндөрү саат 22:00дөн 07:00гө, дем алыш жана майрам күндөрү 22:00дөн 09:00гө чейин музыка жана башка ызы-чуунун үндөрү атайын белгиленген деңгээлден ашпашы керек.