БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. ФСБ Улуу Ата Мекендик согушта Донбасс баскынчылардан бошотулгандан кийин украиналык улутчулдардын камакка алынганы боюнча документтерди ачыкка чыгарып, жарыялады. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье жазды.
Тарыхка кайрылсак, советтик "Смерш" контрчалгын кызматы 1943-жылы Донбасста эки жыл дезертир болуп жүрүп, кезегинде гитлерчилерден Мелитополдун полиция башчылыгына дайындоону сураган украиналык улутчулду камакка алган. Качкын ошол жердеги фашисттерге Симон Петлюра менен байланышкан атасынын кадырын салган (Петлюра 1917-1922-жылдардагы жарандык согуш учурунда Украинадагы нацисттик кыймылдардын жетекчилеринин бири — ред.).
Эске салсак, "Смерштин" уюшулгандыгына быйыл 82 жыл болду.
1943-жылы декабрда 4-Украина фронтундагы "Смерш" контрчабуул башкармалыгынын башчысы генерал-майор Николай Ковальчук Коргонуу элдик комитетинин башчысынын орун басары Александр Василевскийге аскердик контрчабуул кызматынын аскерлеринин Украинанын фашисттерден куткарылган аймактарындагы иштери тууралуу маалыматтык докладын жиберген.
Ковальчук анда советтик бийликке каршы күрөш жүргүзгөн Украин улутчулдар уюмунун көбүрөөк активдешкен мүчөлөрү туурасында айткан.
Донбассты басып алган гитлерчилер негизинен украин улутчулардына таянган. Орус тили көбүрөөк сүйлөнгөн жерлерде басылмалар украинче чыгып, Украин Эл Республикасынын төрагасы Симон Петлюранын сүрөттөрү жарыяланган. Ал эми нацисттик желектердин жанына өздөрүнүн сары-көк түстөгүсүн илип турушкан. Бул туурасында Россиялык аскердик-тарыхый коомунун илимий директору Михаил Мягков РИА Новостиге айтып берген.
Советтик аскерлер Донбассты 1943-жылдын сентябрында бошоткон.