БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо иштерин ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү тапшырмасын койгон. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусунун тургундары менен жолугушууда айтты.
Маалыматка караганда, жолугушуу кыргыз-тажик чек арасынын делимитациясына байланыштуу болуп, ага облустун бардык райондорунан тургундар чакырылган.
Ташиев элге эки өлкө кайсы жер аянттарын кандай шартта алмашканы боюнча маалымат бер
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Ташиев элге эки өлкө кайсы жер аянттарын кандай шартта алмашканы боюнча маалымат берип, көчүрүлүшү керек болгон Достук айылынын тургундарына мамлекет жаңы, заманбап үйлөрдү куруп берерин белгилеген.
УКМК төрагасы зым тартуу иштерине чек арачылар күчөтүлгөн тартипте тартыларын айткан.
"Өлкө башчы Садыр Жапаров зым тартуу иштерин ушул жылдын соңуна чейин бүтүрүү тапшырмасын койгон. Зарылчылык болсо Баткенге көчүп келип, жумуштун темпин жеке көзөмөлгө алам", – деген ал.
Жолугушуунун соңунда Баткен жаштары Камчыбек Ташиевге сувенирдик балта белекке берип, коррупционерлердин тамырын чабууну күчөтүүнү суранышкан.