БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Украинада тынчтык орношу үчүн Россиядан санкцияларды алып салышы мүмкүн. Бул туурасында РИА Новости Bloomberg агенттигине таянып жазды.
"Украинадагы согуш отун өчүрүү боюнча Россия менен сүйлөшүүлөрдө Трамптын администрациясы санкцияларды жеңилдетүү мүмкүнчүлүгүн соодалашууга курал катары пайдаланышы мүмкүн", — деп айтылат макалада.
Андан сырткары, Трамп эки тараптын мамилесинин жакшырышын экономикалык мүмкүнчүлүк менен коммерциялык кызыкчылыктарга да пайдасын тийгизет деген максатта карап жатканы белгиленген.
Ал арада америкалык катаал чектөөлөрдү жокко чыгаруу үчүн Конгресстин макулдугу керек болот. Ал эми эл аралык санкцияларды алып салуу үчүн Трамп Европадагы өнөктөштөрүн санкцияларды алып салууга ынандырышы шарт.
Өткөн жумада РФ президенти Владимир Путин менен Америка лидеринин атайын өкүлү Стив Уиткофф жолугуп, Украинадагы согушту жөнгө салуу боюнча сүйлөшкөн. Ак үй чабарманынын сапарын кармашты токтотууга жасалган дагы бир кадам деп атаган. Андан сырткары, Трамп Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча жакында "өтө жакшы сунуштар" болорун жар салган эле.