Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Каллас мага буйрук бербесин! Словакия премьеринин ЕБ комиссарына жообу. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Евробиримдик комиссары мага эмнелерди кылып, кайсыларды жасабай тургандыгыма көрсөтмө бере албайт. Мындай кескин пикирин Словакия премьери Роберт Фицо Евродипломатиянын башчысы Кая Калласка жооп кылып айтты.
"Евробиримдиктин комиссары менин эмнелерди жасап, жасабаганыма киришип, буйрук бере албайт. Словакия суверендүү мамлекет", — деген өкмөт башчы.
Фицо тарыхый чындыкты урматтоо зарылдыгын, гитлердик Германияны жеңүүдөгү эң чоң салым Советтер Союзунун элдерине таандык экенин баса белгилеген.
Буга чейин Фицонун 9-майда Москвага барып Жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадга катышуу пландары бар экени маалым болгон. Мындан сырткары, Сербиянын президенти Александр Вучич да келерин билдирген.
Мындан улам Евродипломатиянын башчысы Кая Калластын Европалык биримдикке мүчө болуучуларга шарт коюп, алардын өкүлдөрү Россияда өтө турган Жеңиштин 80 жылдык юбилейине арналган иш-чараларга катышпасын деген талабы айтылган. Төрайымдын мындай кылыгына РФтен да реакция кылышкан. Тагыраагы, Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин Каллас мындай кадамы үчүн кызматынан четтетилип, БУУнун трибуналына берилиши керектигин айткан.
ЕБ Вучичтин Москвага болчу сапары үчүн Сербияны кысмакка алууга камынууда