ЕАЭБде Пакистан менен эркин соода келишимин түзүү талкууланууда

Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. ЕАЭБ менен Пакистандын ортосунда эркин соода келишимин түзүү талкууланууда. Бул тууралуу Россиянын вице-премьери Алексей Оверчук билдирди.
Ал Федерация кеңешинин жалпы жыйынындагы өкмөттүк саатта маалымат берген.
"Негизги максат — Евразия мейкиндигинде соода шарттарын жакшыртуу. Бул аймакта ЕАЭБдин Вьетнам, Сербия жана Иран менен келишими бар. Аталган өлкөлөрдүн жалпы рыногу 190 миллион адамды түзөт. Жыл аягына чейин биздин тышкы рынокту 481 миллионго чейин кеңейтүүчү келишимдер түзүлүшү мүмкүн. Индия менен сүйлөшүүлөр алгачкы баскычта", — деди Оверчук.
Ал КМШ алкагында товарлар үчүн эркин соода аймагы иштеп жатканын, ал эми 2023-жылы кызмат жана инвестициялар боюнча келишим түзүлгөнүн эске салды.
"Ошентип Евразияда 2,2 миллиард адамды камтыган рынокко эркин жетүүгө аракеттер көрүлүп жатат", — деди Оверчук.
ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы эркин соода келишими 15-майда күчүнө кирет