Бишкектеги түтүн каптаган полигон токойго айланары айтылды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Президенттин администрациясы тазаланган таштанды полигонуна отургузулган бактар бүчүр байлаганын жазып, эми тамчылатып сугаруу ыкмасы колдонуларын кабарлады.
Өлкө башчынын маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков аталган жайдын видеосун жарыялаган.
"Карга-кузгун байырлап, түтүн каптаган полигон эми жашыл бакка, токойго айланат. Ал жерге таштандыны кайра иштеткен завод курулуп жатат. Мурдагыдай талааны каптаган акыр-чикир болбойт. Таштанды заводдо күйгүзүлүп, андан электр энергиясы өндүрүлөт. Калдыктары курулуш багытында иштетилет", — деп жазган Орунбеков.
Эске салсак, шаардагы көп жылдан бери күйүп турган полигон өчүрүлүп, рекультивацияланган. Ордуна бак тигилген эле.
Бишкектеги таштанды полигонундагы көйгөй кантип чечилет? Мэрдин жообу