БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. АКШ президентинин атайын чабарманы Стив Уиткофф коммерциялык кызматташуу аркылуу Москва менен Вашингтондун алакасын жаңыртып, жаңы түр берсе болот деген пикирин айтты. Бул туурасында РИА Новости Fox News телеканалына шилтеме кылып жазды.
"Россия менен АКШнын мамилелеринин потенциалына коммерциялык мүмкүнчүлүктөр аркылуу жаңы форма берүү — өнөктөштүк аймакта стабилдүүлүктү шарттайт", — деген Уиткофф украин согушун жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүнүн ой-кыры туурасында соболго жооп берип жатканда.
Атайын өкүл муну менен катар эле аталган маселе боюнча сүйлөшүүлөрдүн алкагында "дүйнө үчүн глобалдык масштабдагы өтө маанилүү кадамдын босогосунда болуу мүмкүнчүлүгү жаралганын" билдирген.
Анын айтымында, процесс "беш аймак деп аталгандардын" чегинен да чыгып, кеңейүүдө. Тынчтык келишиминин алкагында коопсуздукту камсыздоо кепилдиктери жана Украинанын НАТОго кабыл алынышы боюнча пландардан баш тартуу жөнүндө сөз болууда.
Апрелдин башында Түз инвестицияларды тартуу боюнча россиялык фонддун башчысы Кирилл Дмитриев РФ президенти Владимир Путиндин тапшырмасы менен Вашингтондо Трамптын администрациясынын өкүлдөрүнө жолуккан. Ал Россия менен АКШ акыркы мезгилдерде көптөгөн маселелер боюнча алдыга кадам таштаганын, жылыштар болгонун, Американын бир топ компаниясы РФ рыногуна кайтып келүүнү каалай турганын билдирген.
Президент Владимир Путин март айында батыштык компаниялардын Россияга кайтып келүүсү үчүн эч кандай артыкчылыктар жана преференциялар берилбестигин айтып, алар атаандаштык негизде келет деп белгилеген. Мамлекет башчы өкмөткө өлкөдөн кеткен компаниялардын тизмесин жаңылоону жана алардын кайрадан келүү процедурасын иштеп чыгууну тапшырган. Бул процессте ишти таза жана жоопкерчиликтүү жүргүзүүгө кепилдиктер болушу керектигин талап кылган.