Пресс-борбор

Генерал Кыргызстан согуштун ардагерлерине кандай кам көрүп жатканын айтып берди

Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызстандагы ардагерлерди эч ким унутпайт. Бул тууралуу Афган согушунун жана согуштук кагылыштардын ардагерлеринин "Күжүрмөн боордоштук" коомдук кыймылынын Кыргызстандагы башкаруучулугунун төрагасы, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги брифингде билдирди.
Ал Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 32 ардагери бар экенин эске салды.
Афган согушунун жана согуштук кагылыштардын ардагерлеринин "Күжүрмөн боордоштук" коомдук кыймылынын Кыргызстандагы башкаруучулугунун төрагасы, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев
"Мамлекет ардагерлерге жөлөк пул төлөйт. Ыктыярчылар жана коомдук уюмдар белгилүү даталарга белектерди жана азык-түлүк пакеттерин жасашат. Аларды эч ким эч качан унутпайт", — деди Чотбаев.
"Өчпөс полк – Кыргызстан" кыймылынын Бишкектеги координатору Зульфира Хайбуллина "Ардагерлер 365" коомдук кайрымдуулук фонду дагы баатырларга жардам берип жатканын билдирди.
"Өчпөс полк – Кыргызстан" кыймылынын Бишкектеги координатору Зульфира Хайбуллина
"Фонддун активисттери жыл сайын Карылар күнүндө, Жаңы жылда, 9-Майда биригип азык-түлүк, дары-дармек жана башка керектүү жардамдарды чогултушат. Баары ачык жолугушуулар аркылуу уюштурулуп, ага каалаган адам катыша алат. Балдар 9-Майда "Өчпөс полк" жүрүшүнө катышкандан кийин ардагерлердин дарегине барып, белектерин тапшырышат", — деди Хайбуллина.
Жыйындын катышуучулары бүгүнкү күндө дүйнө оор кырдаалда турганда фашизмге каршы күрөшкө өз өмүрүн арнаган аталардын эрдигин эскерүү өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешти.
Пресс-борбор
Аталарыбыз менен бирге басып бараткандай сезилет. Генерал "Өчпөс полк" тууралуу