БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Балыкчы шаарынын кире беришине "Кыргыз дүйнөсү" туристтик комплекси курулат. Бул тууралуу Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, курулушту баштоо үчүн экопост алынып, жер тилкелери трансформацияланган.
"Комплекс быйыл жыл аягына чейин бүтөт. Негизги бөлүгү Семенов Тянь-Шанскийдин эстелигинин жанында жайгашат" — деп айтылат маалыматта.