Кыргызстан менен БАЭ айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таанууну макулдашты

Sputnik
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу боюнча макулдашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, меморандумга 14-апрель күнү Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик агенттиктин директору Улан Карыпбеков жана БАЭ премьеринин орун басары — ИИМ башчысы шейх Сейф бин Заед Аль Нахайян кол коюшкан.
Документ бир айдын ичинде күчүнө кирери кошумчаланды.
Абхаз, армян номерлүү унааларды легалдаштыруу арзандады. Кимге тиешелүү?