Алыкулдун тагдырындагы табышмактарды ачкан Мундузбек Тентимишевдин маеги

Sputnik
Мундузбек Тентимишев портреттик очеркке өзгөчө маани берген кесипкөй журналист. Учурда Мундузбек агай акын Алыкул Осмоновдун энциклопедиясын чыгарган. «Туяк» программасынын алкагында кыргыздын белгилүү акыны Алыкул Осмоновдун тагдырында табышка калган жагдайларды изилдеп, иликтеген публицист Мундузбек Тентимишовдун маегин уктук.
Буга чейин акындын жубайы Зейнеп Сооронбаева тууралуу терс пикирлер айтылып келсе, Ташкентте Сооронбаевага жоолугуп, анын оозунан чындыкты угуп Тентимишев макала жазган соң коомчулук медалдын экинчи тарабы менен тааныш болгон.