БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп Зеленский эфирине чыккан "60 мүнөт" программасынын лицензиясын алууга чакырды. Ал мындай билдирүүсүн Truth Social социалдык тармагына жарыялады.
Бир күн мурун Зеленский аталган программанын эфиринде Россия менен сүйлөшүү жүргүзүүгө каршы чыгып, Вашингтонду Москва менен окшош көз карашта деп айыптаган.
Берүүдөн кийин Трамп аталган эпизод "мурункулардан ашып түштү" деп сынга алган.
"Бул жаңылыктардын шоусу эмес, жөн эле "жаңылык" деп жамынган абийирсиз саясий уюм. Алар жасаган жана азыр жасап жаткан иштери үчүн жооп бериши керек. Лицензиясынан ажыратуу зарыл! CBS болуп көрбөгөндөй деңгээлде көзөмөлдөн чыкты, эми анын кунун төлөшү керек", — деди Трамп.
Америкалык лидер CBS телекомпаниясы менен көптөн бери жаңжалдашып, атүгүл соттошкон. Трамп бир нече жолу компанияны жалган жана фейк жаңылыктарды таратат деп айыптаган. Шайлоо өнөктүгү учурунда Трамп телекомпанияны 10 миллиард долларлык доо арыз менен сотко берген. Буга анын каршылашы Камала Харристин интервьюсу алдын ала жарыяланбастан эфирге чыгып кеткени себеп болгон.