15-апрелге карата аба ырайы

15-апрелге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. 15-апрель, шейшембиде, күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолорго кар түшөт. Мындай билдирүүнү Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурсы Чүй, Таласта +19...+24, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22...+27 градус, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында +13...+18 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +21...+23, Ош шаарында +23...+25 градуска көтөрүлөрү айтылды.
Миң-Куштагы уран калдыктары сакталган жай августта рекультвацияланып бүтөт