Кыргызстандагы банктар жаңы чакырыктарга туруштук бере алабы? — киберкоопсуздук, санариптик трансформация, инновациялар

Sputnik
Ушул жылдын 30-майында Кыргызстан банктар бирикмеси жаан Улуттук банк Бишкек эл аралык финансы форумун – BIFF2025 өткөрөт. Анда киберкоопсуздук, алдамчылык менен күрөшүү жана тобокелдиктерди башкаруу, криптовалюталар жана санариптик активдер, каржылык экосистеманын келечеги талкууланат. Учурдагы өлкөнүн банк секторунун абалы тууралуу Кыргызстан банктар бирикмесинин төрагасы Анвар Абдраев айтып берди.