БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Тажикстанда магнитудасы 6,4кө жеткен жер титирөө болуп, ал Кыргызстанда да сезилгенин Сейсмология институту кабарлады.
Очогу Кожент шаарынын түштүк-чыгышынан 170 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Жер титирөөнүн күчү Баткен жана Ош облустарында 3,5 баллга жеткен.
Жабыр тарткандар же кыйроолор боюнча маалымат түшкөн жок.