Кыргызстандын 7 жараны Мьянмадагы кулчулуктан куткарылды

Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстандын 7 жараны Мьянмадагы кулчулуктан куткарылды. Бул тууралуу Өзбекстандын ТИМине караштуу "Дунё" маалымат агенттиги билдирди.
Ага ылайык, Өзбекстандын генералдык консулдугуна аталган өлкөнүн эки жараны кайрылып, адам сатууга дуушар болгонун билдиришкен.
“Жабырлануучуларга Таиланддан иш убадаланып, бирок Мьянмада алдамчылык менен байланышкан колл-борбордо иштөөгө мажбурлашкан”, — деп айтылат маалыматта.
Жалпысынан Өзбекстандын эки, Казакстандын төрт жана Кыргызстандын 7 жараны бошотулган.
Адамдар кулчулукка сатылып кетүү коркунучуна кантип кептелет? ИИМдин жообу