БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. АКШ президенти Украинадагы чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча комментарий берип, баары өз жолу менен кетип жатканын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Дональд Трамп жакын арада бул маселе боюнча жаңылыктар болорун белгиледи.
“Иш менен далилдеш керек же унчукпай тура туруу зарыл болгон учурлар болот. Буюрганын көрөбүз, бирок, менимче, баары жакшы”, — деди ал журналисттерге.
Жума күнү Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткофф үчүнчү ирет Россияга барды. Ал Санкт-Петербургда Россиянын президенти менен жолугушуп, сүйлөшүүлөр 4,5 саатка созулду. Кремль жолугушуунун темасы Украинадагы жаңжалдын аспектилери болгонун билдирди.
Буга чейин ал Москвага 13-мартта барып, Россиянын жогорку рангадагы өкүлдөрү менен жолугушкан, ошол эле күнү кечинде аны Путин кабыл алган.
Песков анда ал Украина боюнча кошумча маалыматтарды алып келгенин, ал эми Россия президенти америкалык кесиптешине айтчу сөздөрүн Уиткофф аркылуу жолдогонун айткан.
Февраль айынын башында Уиткофф Россияга аткезчилик жана баңгизат сактоо үчүн камалган Марк Фогелди айырбаштоо тууралуу сүйлөшүү үчүн келип кеткен. Андан кийин Эр-Риядда өткөн Россия менен Американын жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрүнө катышкан.