14-апрелге карата аба ырайы

14-апрелге караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Дүйшөмбүдө күндүз айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 айрым учурларда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй жана Таласта +17...+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +19...+24, Ысык-Көл өрөөнүндө +13...+18, Нарын аймагында +14...+19 градус жылуу болот.
Бишкек жана ОШ шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, борбор калаада күндүн табы +20...+22 градуска жетсе, Ошто +22...+24 градуска чейин көтөрүлөт.
32 градуска чейин ысыйт! Апрель айына карата аба ырайынын божомолу