Акция Жалал-Абаддагы "Достук" паркынан башталган, ал жерге кайыңдын 80 көчөтү отургузулган. Андан кийин бак тигүү иштери Чүйдүн Кайырма айылында уланды. Мындан тышкары, Жаманкара баатыр атындагы паркта Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналып жасалган “Мекенинин баатырлары” барельефинин ачылышы өттү.
"Память народа — Эл эстейт" издөө биримдигинин директору Екатерина Дятлова тигилген ар бир дарак Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларын эске салып турарын айтты.
"Бүгүнкү акцияга катышуу менен биз келечекке салым кошуудабыз. Бак-дарак отургузуу — бул биздин шаар, айылдардын экологиясын жакшыртуу. Ал эми барельеф биздин айылдын жөн гана кызыктуу жайларынын бири болбостон, өзүнүн эрдиги жана эмгеги менен тарыхта из калтыргандарга сый-урмат катары каралат. Бул биздин түпкү тамырыбызды эске салып, ата-бабалар астындагы милдетибизди аткаруу деп билем", — деген Дятлова.
“Эстелик багы” акциясы “Жеңиш ыктыярчылары” кыймылы эл аралык коому тарабынан Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана "Память народа — Эл эстейт" издөө кыймылынын колдоосунда уюштурулган.
Тема боюнча: