БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Миң-Куштагы уран калдыктары сакталган жайлар августта рекультвацияланып бүтүп калат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, маселе ӨКМ башчысы Бообек Ажикеевдин "Росатом" компаниясынын башкы директору Николай Спасский менен жолугушуусунда көтөрүлгөн.
"Росатомдун" өкүлдөрү министрге Миң-Куштагы уран калдыктары жайгашкан объектилердеги иштер тууралуу маалымат берип, зыянсыздандыруу ушул жылдын август айында бүтүп каларын айтышты.
ӨКМ рекультивация бүткөн соң эки өлкөнүн стратегиялык кызматташтыгына арналган мемориалдык стелла Миң-Кушта коюларын кошумчалады.
Тараптар Кажы-Сай, Кызыл-Жар №12, Кара-Таш (Төө-Моюн), Сумсар жана Кан калктуу конуштарын реабилитациялоо этаптарын да талкуулашкан.