Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Telegraph: Британия аскерлерин Украинага 5 жылга жайгаштыруу ниетинде

Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Улуу Британия Украинага өзүнүн аскерлерин беш жылга жайгаштырууну караштырып жатат. Бул туурасында Telegraph жазды.
Негизги максат — Украинанын Куралдуу күчтөрүн калыбына келтирүүгө, даярдыгын арттырууга көмөктөшүү, "өтө зарыл болуп турган тыным алууга" шарт түзүү экенин жазды. Учуру келгенде чет элдик контингентти этап-этабы менен чыгарышары айтылган.
"Планына караганда, Улуу Британия менен Франция башкарган коопсуздукту камсыздоочу күчтөр абадагы кол салуудан коргонуу жана Украина акваториясында бейпилдикти сактоо боюнча жардамын сунуштайт", — деп айтылган макалада.
Европалык аткаминерлерге шилтеме берген France Press агенттиги "каалоочулар коалициясына" кирген алтыга чукул өлкө Киевге аскер жөнөтө аларын айткан. Алардын ичинде Британия, Франция жана Балтика боюндагы өлкөлөр бар.
27-мартта Франциянын президенти Эммануэль Макрон аталган коалициянын саммитинин жыйынтыгы менен союздун бир катар өкүлдөрү Украинага "токтотуп туруучу күчтөрдү" жиберишерин, алар тынчтык орнотуучулар эместигин билдирген. Бул күчтөр стратегиялык жерлерге жайгаштырылмакчы.
Россия ТИМинин өкүлү Мария Захарова Украинадагы кайсы гана болбосун чоочун аскерлер Россияга кооптуулук жаратчу күч катары караларын жана бетме-бет кагышып кетүү тобокелдиги бардыгын эскерткен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Жардам жана ыраазылык. Британия премьеринин Украина боюнча эки ача билдирүүсү