Бишкек мэри имараттарга үч айда ыңгайлуу пандустарды орнотууну тапшырды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев чарба субъектилерине үч айдын ичинде атайын пандустарды орнотууну тапшырды. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, калаа башчы пилоттук долбоордун алкагында К.Баялинов атындагы китепкананын жана Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын имаратына орнотулган пандустарды кабыл алган.
"Пандустар бардык стандарттарга ылайык келет, металлын дат баспайт. Ыңгайлуу кармагычтар орнотулуп, пандустардын эңкейиши 8 градустан ашпайт", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, пандустар филармонияда, ⁠Улуттук госпиталда, "⁠Сейтек" борборунда, ⁠Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде орнотулганы айтылды.
Айбек Жунушалиев мындай пандустарды үч айдын ичинде калаадагы чарба субъектилерине орнотууну тапшырганы кошумчаланды.
Бишкектеги Айтматов проспекти кандай болуп өзгөрөт? Эскиз