Радио

Мопед, скутер айдоочулары окушу керек болот. Мыйзамга өзгөртүү сунушталды

ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жол кырсыктары көбөйгөнүн айтты.
Sputnik
Жыл башынан бери мотоскутер, мопеддердин катышуусунда 61 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 67 жаран жаракат алган. Тилекке каршы, үч айдоочу каза болгонун Байказы Айтикул уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 10-15 жыл мурда мындай транспорттор кабылган жол кырсыктары чанда гана катталчу.
"Рейд учурунда мотоскутер, мопед айдагандардын көпчүлүгү айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүмдөр менен чет элдик студенттер экенин байкап жатабыз. Алар жол эрежесин бузган учурда түшүндүрүү иштери менен гана чектелебиз. Анткени скутерлердин айдоочуларын жоопкерчиликке тартуу мыйзамда жок. Мындан улам ИИМ Укук бузуу кодексине жана жол кыймылы эрежесине бир топ толуктоолор менен өзгөртүүлөрдү киргизди. Бирок ал бүгүнкү күндө башка мамлекеттик кызматтар менен макулдашууга жөнөтүлгөн. Анда моторунун көлөмү 25 кубдан 50 кубга чейинки скутер, мопеддердин айдоочуларына кошумча М категориясын берүүнү сунуштаганбыз. М категориясын алыш үчүн айдоочу автомектептерде окушу керек. Ошондой эле курагы 17 жаштан жогору болуусу кажет", — деди Айтикул уулу.
Ал ошондой эле эгер мыйзам кабыл алынса аталган транспорт каражаттарынын айдоочулары жол коопсуздугунун эрежелерин бузган учурда жоопкерчиликке тартыларын кошумчалады.