Эмгекте памирлик кыргыздардын тарыхы , каада-салты жөнүндө чогултулган маалыматтар камтылган. Муну менен бирге автор окурмандарга Мургабда аскердик кызматын өтөгөн советтик жана россиялык чек арачылардын турмушу чагылдырылган баяндарын сунуштап, Памирде жашаган кыргыздар менен башка улуттардын ортосундагы достук даңазаланат. Китепке Бердибаевдин орус, англис жана тажик тилдерине которулган айрым этнографиялык материалдары да кошулган.
Белгилей кетсек, буга чейин автордун "Памир-Алай берметтери", "Тоолор баяны", "Ак-Байтал ашуусу" аталышындагы үч китеби жарык көргөн.
Иш-чаранын алкагында "Кыйырдыгы кыргыздар" аталышындагы этнокөргөзмө өттү.