Кыргызстанда мандарин өстүрө баштасак өзүбүздү сапаттуу жана арзан мөмө менен камсыздайбыз. Бул тууралуу Бакыт Мамбетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, көчөттөр апрель айынын орто ченинде отургузула баштайт.
"Бизге мандариндин баары сырттан келет. Буга байланыштуу Баткен облусунда мандариндин сортторун сынап көрөлү деп жатабыз. Баткен жана Кадамжай райондорунда мандариндин сорттору ачык талаада жана теплицада сыналат. Түркиядан төмөнкү температурага туруктуу, биздин климатка ылайыктуу түрлөрү алып келинет. Ошондой эле лимон менен апельсинди да кошо сынайбыз. Натыйжасы жакшы болсо биздин экономикага оң таасирин тийгизет. Импортту азайтып, элди сапаттуу жана жеткиликтүү баадагы мандарин менен камсыздоого ыңгайлуу шарт түзүлөт", — деди Мамбетов.
Ошондой эле ал аталган долбоор ийгиликтүү болоруна ишеним бар экенин кошумчалады.