Өлкөнүн жаңы Эмгек кодекси 2025-жылдын 28-январынан тарта күчүнө кирди. Аны иштеп чыгууда талдоо жүргүзүлүп, эки эсеге кыскарган. Мурда 446 берене болсо, бүгүнкү күндө 265 беренеден турат. Жаңы эмгек кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдүн бири туумдун бирдиктүү пайызы дагы белгиленген. Эми, эгерде иш берүүчү эмгек акыны, өргүү боюнча жөлөк пулдарды жана бошотуу жөлөк пулдарын же башка төлөмдөрдү кечиктирсе, анда ал ар бир мөөнөтү өтүпкеткен календардык күн үчүн иш жүзүндө төлөнбөгөн сумманын 0,25 пайызын кошумчатөлөөгө милдеттүү. Мындан тышкары доонун эскирүү мөөнөтү да аныкталган. Мында иш берүүчү айлык маянасын өз убагындатөлөбөсө, кызматкер 3 жыл ичинде сотко кайрылып, акча талап кылууга укуктуу. Эсептөө эмгек акы төлөнө турган күндөн башталат.
Былтыркы жылы эмгек маянабоюнча 279 адамдын арызы кабыл алынып, 36 миллион сомго жакын эмгек акысы төлөнүп берилгенин Эмгек министрлигинин өкүлдөрү маалымдашты.