Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолунун ачылышы жылды. Себеби

Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолуна кошумча эки галерея жана үч эстакадалык көпүрө курулат. Мындан улам жол кийинки жылы ачыла турганын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Чечим жолдун кооптуу тилкелерине жүргүзүлгөн илимий байкоолордун жыйынтыгы менен кабыл алынган.
"Кар көчкүдөн коргоочу эки галерея жолдун 331+924, 338+410-чакырымдарында, ал эми 332+656, 339+185, 339+907-чакырымдардагы сел өтүүчү сайлардын үстүнө үч эстакадалык көпүрө курулат. Мындан тышкары, аталган долбоордун алкагында Барпы айылынан тарта Сафаровка айылына чейин 25 чакырым айланма жол куруу пландалууда", — деп жазылган маалыматта.
Натыйжада ушул жылдын май айына пландалган Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолунун ачылышы 2026-жылга жылдырылганы кошумчаланды.
Радио
Калмаматов: Түндүк — Түштүк альтернативдик жолу көп жыл кызмат кылат