БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Редакция материалдын алдындагы комментарийге жооп бериши керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев ЖМК тууралуу мыйзам каралып жатканда билдирди.
Министрлер кабинети демилгелеген мыйзам долбоорун маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев тааныштырды.
Талкуу маалында Түлөбаев жарыялаган материалдын алдындагы комментарийлерге редакция жооп бериши керектигин айтып, экинчи окууда бир катар сунуштарын берерин билдирди.
Министрдин орун басары бирөөнүн комментарийине редакциянын жооп бериши туура эместигин айтып, бирок өзүн сыйлаган редакция чагымчыл, улут аралык кастыкты козуткан жана башка ушул сыяктуу мыйзамсыз мазмун камтылган комментарийлерди тазалашы керектигин белгиледи.
Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө блогерлердин ишин дагы тескөө зарыл экени айтылды. Натыйжада депутаттар аталган мыйзамды биринчи окууда колдоп беришти.
Буга чейин бийлик ЖМК тууралуу мыйзам эскиргенин айтып, жаңысын сунуштаган. Анда бардык ЖМКлар мамлекеттик каттоодон өтүшү зарылдыгы жазылган. Кийин ал мамлекет башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен кайтарып алынган. Мыйзам коомчулук өкүлдөрү, журналисттерден түзүлгөн топ менен биргеликте кайрадан иштелип чыгып, Жогорку Кеңешке келип түштү.