10-апрелге карата аба ырайы

10-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан-чачын жаап, күн күркүрөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республиканын айрым жерлеринде жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Талас облустарында 21…26, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында дагы 21…26, Ысык-Көл жергесинде 13…18, Нарын өрөөнүндө 17…22 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкек менен Ош шаарларында 23…25 градуска көтөрүлөт.
Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолунун ачылышы жылды. Себеби