Жол курууга материал алуу үчүн сугат жерлерди трансформациялоого уруксат берилди

Sputnik
БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Жол курууга материал казып алуу үчүн сугат жерлерди трансформациялоого уруксат берилди. Мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Ал Жогорку Кеңеш тарабынан 19-февралда кабыл алынган.
Министрлер кабинети демилгелеген мыйзам долбоорунун максаты темир жана автомобиль жолдорун, көпүрөлөрдү, тоннелдерди, жалпы пайдалануудагы эстакадаларды куруу, оңдоп-түзөө үчүн зарыл материалдарды алуу максатында сугат айдоо жерлерин трансформациялоо үчүн укуктук базаны түзүү болуп саналат.
"Жол реконструкциялоо үчүн ири көлөмдөгү кум-шагыл керектелет. Аларды сугат жерлерден казып алууга мыйзам тыюу салат. Казылган жерлерди кайра калыбына келтирүү боюнча долбоор болгондо гана материалдарды казып алууга мүмкүндүк берилери каралган", — деп айтылат документте.
Жеке менчик дагы бар. Сугат жерлерди инвесторлорго берүүгө жол ачуу каралууда