БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Мындан 81 жыл мурда дал ушул күнү Крымды экинчи Сталинград деген Адольф Гитлер немецтик аскерлерине жарым аралды жанын берсе да кармап, колдон чыгарбоого буйрук кылган.
Нацисттердин башчысы тапшырманы стратегиялык гана эмес, идеологиялык максат деп да атаган.
Крым немецтик 17-армиядан коргонууга аракет кылган, басып киргендердин катарында румын бөлүктөрү болгон. Фашисттердин жалпы саны 200 миңге чукулдап барган.
1944-жылдын 8-апрелинде советтик жоокерлер Крым чабуулун баштаган. Алар 15-16-апрелде Севастополго чыгып, ал эми 9-майга жакын шаарды толугу менен бошоткон. 12-майда Крымдагы баскынчылар түп-тамыры менен талкаланган.
Тарыхта Улуу Ата Мекендик согуш учурунда болгон Крымдагы утулуу гитлерчилер үчүн Сталинград салгылашуусуна тете жеңилүү болгону айтылып келет.