8-апрелге карата аба ырайы

8-апрелге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. 8-апрель, шейшембиде, республика боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +21...+26, Талас аймагында +18...+23, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +14...+19 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +24...+26 градуска жетет.
Ботаникалык бак кандай өзгөрөт? Долбоордун видеосу