“Жеңиш каттары” акциясы. Согуштагы жоокерлердин каттарын балдар жүрөгүнөн өткөрүп окушууда

Sputnik
Ушул жылдын март айынын аягынан тарта “Жеңиш каттары” деген аталыш менен мектеп окуучулары жана студенттер арасында фронттон келген каттарды окуу боюнча жалпы республикалык конкурс жарыяланган. Ага өлкөнүн булуң-бурчундагы жаштар катышып, өздөрү окуган каттарды жөн гана тасмага түшүрүп койбой, чыгармачылык менен сахналаштырып, видеого тартып, жүрөгүнөн өткөрүп окуп, тасманы социалдык тармактарга жарыялашууда. Конкурстун максаты да келечек муундарга аталарыбыздын жеңиштин кандайча алып келгенин жеткирүү. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар бар.
Маектин жүрүшүндө Улуу Ата Мекендик согуштагы Кыргызстандын ролу жана акциянын шарттары, жүрүшү тууралуу баарлаштык.