БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Европада террордук чабуулдардын көбөйүшү чоң кан төгүүгө алып келерин америкалык миллиардер жана Мамлекеттик башкаруунун майнаптуулугун арттыруу департаментинин (DOGE) жетекчиси Илон Маск билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биз Италияда жана жалпы Европада кол салуулардын саны өсүп кеткенин ачык эле көрүп жатабыз. Бирок ЖМКлар менен салттуу медиалар аларды азайтып берүүдө. Анткен менен кол салуулар, террорчулук, бейкүнөө адамдардын өлүмү көбөйүп жатат. Курмандыктардын саны жума сайын өсүүдө. Ушинтип отуруп Европадагы ири кыргынга күбө болбосок болду", — деген Маск.
Ал "Европадагы кыргын" боюнча террордук чабуулдардын жыштыгын жана алардын санын графикке киргизүүнү сунуштады.
"Кеп сиздин досуңуз, үй-бүлөңүз, балдарыңыз, ата-энеңиз тууралуу болуп жатат", — деген америкалык ишкер.