Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл

Иван Москаленко — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры

Sputnik Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата майданда эрдик көрсөтүп Баатыр наамы ыйгарылган, Кыргызстандан чыккан каарман жоокерлер боюнча баяндоосун улантат.
Sputnik
Катардагы жоокер Иван Москаленко
Ал 1912-жылы Георгиевка ( азыркы Кордай, Казакстан) кыштагында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Мектепте алты класстык билим алгандан кийин Жети-Өгүз районундагы (Ысык-Көл облусу) байланыш конторасында санакчы болуп иштеп калат.
1941-жылы июлда Кызыл Армияда кызмат кылып (Батыш фронт, 16-армия), 316-аткычтар дивизиясынын 1075-полкунда аткыч болгон. 1941-жылы 16-ноябрда танкалардын талкалоочу тобу менен Москва облусунун Волоколамс районундагы Дубосеково разъездинде душмандын бир канча чабуулунун мизин кайтарган. Алар 18 танканы талкалап, тарыхта "панфиловчу 28 баатыр" деген ат менен калышкан. Дал ушул кармашта Москаленко да эр жүрөктүүлүк менен курман болгон. Алгач ошол эле жердеги Боордоштор мүрзөсүнө коюлат да, кийин курман болгон жоокерлердин сөөгү менен кошо Нелидово мүрзөсүнө кайра көмүлгөн.
СССРдин Жогорку Советинин президиумунун жарлыгы менен 1942-жылы 21-июлда командачылыктын тапшырмасын мыкты аткарганы жана көрсөткөн эрдиги, каармандыгы үчүн Иван Москаленкого курман болгондон кийин Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Кийин ысымы СССРдин Деңиз флоту боюнча министрлигинин кемесине берилген. Нелидово кыштагында панфиловчу баатырларга арналган музей ачылган, ал эми Дубосеково разъездинин жанына мемориал орнотулган.
Маалымат үчүн. Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфилов жетектеген 316-аткычтар дивизиясынын баатырдыгы дүйнөнү дүңгүрөткөн. Ал 1941-жылы июлда Алматыда (Казакстан) түзүлүп, курамына негизинен Кыргыз ССРи жана Казак ССРинен чакырылган жоокерлер кирген. Бул дивизия Москваны коргоо операциясында өзгөчө эрдик көрсөткөн. 1941-жылдын ноябрында, Москва үчүн чечүүчү салгылашуулар жүрүп жатканда, Панфилов дивизиясы Волоколамск багытында душмандын негизги күчтөрүн кармап турган. Дубосеково разъездиндеги кармашта дивизиянын 1075-аткычтар полкунун 4-ротасы өлүмгө тике туруп, немецтердин танкаларын токтоткон. Бул окуя советтик тарыхта "панфиловчу 28 баатыр " катары белгилүү. Алардын ичинде казак, кыргыз, орус жана башка улуттардын өкүлдөрү болгон.
Иван Панфилов 1941-жылдын 18-ноябрында согуш талаасында, Волоколамск аймагында артиллериялык аткылоодо курман болгон. Панфиловдун дивизиясы Москваны коргоодогу эрдиги үчүн 8-гвардиялык аткычтар дивизиясы деген наамга ээ болгон. Бул бөлүк согуш аяктаганга дейре салгылашып, Берлинге чейин жеткен.
Тарыхчы Саламат Малабаевдин айтымында, немец генералдары эскерүүлөрүндө панфиловчуларды коркуу сезими жок, туткунга түшкөндөн көрө өлүп калалы деген "жапайы аскер" катары сүрөттөшкөн.
Материал ачык маалыматтардын, КР Куралдуу күчтөрүнүн жана "Герои страны" сайтындагы материалдардын негизинде жазылды.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл
Ефрем Курочкин — Кыргызстандан чыккан Советтер Союзунун Баатыры