БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Министрлер кабинети "1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы" аталышындагы бирдиктүү юбилейлик медаль менен сыйлоо тартибин бекитти. Тиешелүү чечимге Адылбек Касымалиев кол койгон.
Документ КМШнын бирдиктүү юбилейлик медаль уюштуруу жөнүндөгү чечимин ишке ашыруу максатында даярдалганы айтылды.
Коргоо министрлигине аталган медалдарды даярдоо жана тапшырууну уюштуруу тапшырылды.