5-апрелге карата аба ырайы

5-апрелге караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. 5-апрель, ишембиде, көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +17...+22, Талас жергесинде +15...+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +20...+25, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +14...+19 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +20...+22 градуска жетип, мезгил-мезгили менен жаан жааса, Ош шаарында +21...+23 градуска көтөрүлөт.
Жаан жаайт, сел жүрүшү мүмкүн. ӨКМдин эскертүүсү