Аз камсыздарга берилчү "Социалдык келишимдин" өлчөмү 150 миң сомго көтөрүлдү

Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Социалдык келишимдин өлчөмү 150 миң сомго көтөрүлдү. Токтомду министрлер кабинети кабыл алды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, бул каражат быйыл 13,3 миң жакыр үй-бүлөгө берилет.
"Социалдык келишим" — президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашып жаткан жакырчылыкты жоюуга багытталган долбоор. Анын алкагында 2022-жылдан бери 35,2 миң түтүнгө 100 миң сомдон берилип, алар чакан иш ачкан. Каражат кайтарымсыз берилет.
Эми бул акча 150 миң сом өлчөмүндө бериле баштайт.
Мамлекет жакыр миң үй-бүлөгө бала бакча үчүн ваучердик система менен акча бөлөт