3-апрелге карата аба ырайы

3-апрелде түнкүсүн өлкөнүн дыйканчылык аймактарында күн ачык болот.
Sputnik
БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө 19…24, Талас өрөөнүндө 18…23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 22…27, Ысык-Көл жергесинде 9…14, Нарын аймагында 12…17 градуска жетет.
Күндүн табы Бишкекте 21…23, Ош шаарында 25…27 градус жылуу болот.
Жума этегинде жаан жаайт. Бир аптага аба ырайынын божомолу