Жалал-Абад: Сузакта 100 гектар жерге токой отургузулду

Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Жалал-Абадда Камчыбек Ташиев демилгелеген ири жашылдандыруу өнөктүгү башталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара "Жашыл мурас" долбоорунун алкагында жүрүүдө.
1 / 2

Жалал-Абадда Камчыбек Ташиев демилгелеген ири жашылдандыруу өнөктүгү башталды

2 / 2

Маалыматка ылайык, иш-чара "Жашыл мурас" долбоорунун алкагында жүрүүдө

Кечээ Барпы айыл аймагындагы 100 гектар адырга 40 миң көчөт (жаңгак, мисте, бадам, алма, карагай, өрүк) отургузулган. Алар тамыр алышы үчүн израилдик заманбап сугат системасы орнотулууда. Жабдууну Түркиядан келген адистер ишке киргизип берет.
Көчөттөр отургузулуп бүткөндөн кийин ал жер толугу менен Кара-Алма токой чарбасына өткөрүп берилери айтылды.
Токой өстүрүү үчүн ар бир райондо кеминде 5 гектар жер бөлүү каралууда