БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Новопавловкада кафенин жанынан сабалып, бычакталган жигиттин абалы оор. Бул тууралуу Сокулук райондук ооруканасы билдирди.
Эскерте кетсек, буга чейин үч киши бирөөнү сабап, бычактаган видео тараган. Белгисиз адамдардын токмогунан жабыркаган 29 жаштагы жигит Сокулуктагы ооруканага жаткырылганы маалым болду. Дарыгерлер бейтап жандандыруу бөлүмүнөн хирургия бөлүмүнө бүгүн которулганын, ал ичке, колу-бутуна бычак жегенин айтышты.
Редакциянын маалымат булактарынан окуя кечээ болгону тастыкталды. Тергөө иштерин Бишкек ШИИБ жүргүзүүдө, азырынча бычак менен кол салгандар кармалганы тууралуу маалымат бериле элек.