Өкмөт фейк менен күрөшө турган Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборун жойду

Sputnik
БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Министрлер кабинети Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борборун жойду. Тиешелүү токтомго Адылбек Касымалиев кол койду.
Мекеменин финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин борбордук аппаратына өткөрүп берилет.
Эске салсак, аталган борбор анык эмес маалымат менен күрөшүү максатында былтыр 12-августта түзүлгөн. Борбор ЖМК жана интернетти мониторингдей турганы айтылган.
Салык кызматынын борбордук аппаратындагы "жазалоочу түзүм" жоюлганы кабарланды